Коронавирустун экинчи толкунуна каршы туруу үчүн калк эмдөөдөн өтүүгө тийиш

Сезондук гриппке каршы вакцина өлкөгө алынып келе баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Республикалык штабдын жыйынында аталган вакцина сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциядан коргонууга жакшы жардам берээри айтылды.

Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген жактарга – өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернатындагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.

«Илдет күчөшү ыктымал деп айтылып жатат, андыктан, жергиликтүү бийлик өкулдөрүк калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Жарандар гриппке каршы вакциннын маанилүүлүгүн билиши зарыл”,-деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген