Коронавирусту токтотуу боюнча чаралар талкууланып, жаңы чечимдер кабыл алынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмеси өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал, коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, COVID-19дун жүрөк-кан тамыр ооруларга жана андан каза болуу көрсөткүчүнө тийгизип жаткан таасири, чет өлкөлөрдө жашаган жана иштеген кыргызстандыктарды вакцинациялоонун жүрүшү боюнча маселелер каралды.

Ыкчам штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жана пневмонияны диагностикалоо жана дарылоо  окутуу тутумун үзгүлтүксүз негизде өркүндөтүүсү, ошондой эле COVID-19 жана пневмония менен ооруган жарандарды клиникалык протоколдун 5-версиясына ылайык реабилитациялоо жүргүзүүсү тапшырылды.

  • Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө «кызыл зонада» иштеген медициналык кызматкерлерге бир жолку материалдык компенсацияларды төлөө маселесин чечүүсү тапшырылды.

  • Ошондой эле ведомствого коронавирус инфекциясын жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационарларда «кызыл зоналарды» түзүү менен катар саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу эмес ооруларга – жүрөк-кан тамыр, кант диабети, онкологиялык, өнөкөт респиратордук ооруларга, психикалык ооруларга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн койко-орундардын жетиштүү санын камсыздоо тапшырылды.

  • Министрликке Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте калкты тейлөө борборлорунда беткап режиминин, аралыктын, имараттарды тез-тезден желдетип туруунун сакталышын камсыздоосу жана элдердин массалык түрдө чогулушуна жол бербөөсү тапшырылды.

  • Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына эпидемиологиялык кырдаал боюнча өз учурунда жооп кайтарып, чечим кабыл алуусу тапшырылды.

  • Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттердин тийиштүү органдары менен чет мамлекеттерде жашап жана иштеп жаткан биздин жарандардын жана мигранттардын коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча ишти улантуусу тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.