Коронавирус: дүйнөдө туризм тармагында иштеген 50 млн адам жумушсуз калышы күтүлүүдө

Учурдагы абалдан улам өлкөнүн туризми да чоң зыян тартканы турат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында Кыргыз туризми 80%га төмөндөп кетиши мүмкүн.

“Коронавирустун жайылышы Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй жер шарынын туризмине чоң залакасын тийгизгени турат”,-деди министр Жаманкулов.

Ысык-Көл облусундагы санаторийлерди, пансионаттарды, эс алуу үйлөрүн жабуу боюнча азыр эч кандай чечим кабыл алынбагандыгын, баары өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды экендигин Азамат Жаманкулов кошумчалады.

Сovid-19дун туризмге тийгизген зыянын туризм боюнча Бүткүл дүйнөлүк кеңеши эсептеп чыккан. Ага ылайык, дүйнөдө пандемиядан улам саякаттоо тармагындагы 50 миллионго жакын жумуш орду бош калышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Баткендик ишкер ооруканага тез жардам унаасын белек кылды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген