Коронавирус жуктурган биринчи кыргызстандык жаран катталды

Японияда Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавируска кабылгандардын арасында кыргызстандык жаран бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазып чыкты.

Анда жазылгандай, лайнерде COVID-19 коронавирусун жуктурган дагы 67 адам катталып, жалпы вируска кабылгандардын саны 500гө жакындады.

Аталган круиздин 3700 жүргүнчүсү болгон жана 3-февралда карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган. Аларды 19-февралга чейин кемеде кармап туруу чечими чыккан.

Ухань: Коронавирус тууралуу ачык чагылдырган эки журналист дайынсыз жоголду. Сүрөт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген