Коронавируска каршы вакцинанын терс натыйжасын кантип көзөмөлдөсө жана билдирсе болот?

Саламаттыкты сактоо адистери COVID-19га каршы вакциналарынын коопсуздугунун сакталышында негизги ролду ойношот.

Вакцинациядан мурун

Суроо бериңиз

Эмделген адамда вакцинага каршы курч аллергиялык реакция эч качан болгон эмес экендегин алдын ала аныктоо зарыл, эгерде болгон болсо анда, адамды башка жакка, аллерголог же башка медициналык
сунуш кыла турган адиске багыттаңыз.

Текшерүүдөн өткөрүнүз

Эмделген адамдын ден-соолугунун абалын текшерүү зарыл. Эмдөө мезгилинде өнөкөт оорулар курчуп кетишин эске алуу менен, иммундук шарттарды, ингредиенттерге болгон күчтүү аллергияны аныктап, вакцинаны алууда иммуносупрессивдүү терапияны жүргүзүп, анамнезди топтоо керек.

Билдирүү жөнөтүңүз

Эмдөөдөн кийин организмдин таасирлениши жана анын натыйжалары жөнүндө билдириңиз.
Мүмкүн болгон терс таасирлерине төмөнкүлөр кирет:
• Колдун оорусу
• Температуранын бир аз көтөрүлүшү
• Чарчоо
• Баш оору
• Булчуң же муун оорулары байкалышы мүмкүн.

Эмдөө жасаңыз

Вакцинациядан кийин

Байкоо жүргүзүңүз

Эмделген адамдын абалын текшерүү зарыл. Ал үчүн 15 мүнөт анын абалын көзөмөлдөө керек. Айрыкча вакцинага каршы аллергиясы барларга 30 мүнөт байкоо жүргүзүү зарылчылыгы бар.

Маалымат бериңиз

Эмдөөдөн кийин кандайдыр бир күтүлбөгөн терс реакциялар байкалган учурларда дароо жетекчиликке маалымат берип,
ошол эле учурда эмдөөдөн кийинки терс таасирлери жөнүндө электрондук же кагаз түрүндө КРнын ССМдин No 110 буйругуна ылайык, 15.02.2017 чейин ЭКТНын көзөмөлдөө боюнча колдонмону толтуруңуз.

Саламаттыкты сактоо органдары бул окуяны тергөөгө алышат.

Өтө сейрек учурларда, вакциналардан улам терс реакциялар келип чыгышы мүмкүн. Бирок, күтүлбөгөн жагымсыз окуялар жөнүндө дароо кабар берүү жана иликтөө COVID-19 вакциналардын жогорку сапаттагы стандарттарга жооп бергенин далилдейт.




Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.