Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары түшкөн акча сарпталып жатабы?

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир сому дагы коротулган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Финансы министрлигинин эсебине түшөт.

Аталган министрлик түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат. Андан кийин түшкөн каражаттарды ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

Буга чейин Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн каражаттын суммасы 5 млн 294 миӊ 358 сомду түзгөндүгү маалымдалган.

Кыргызстанга инфекцияны 20 мүнөттө аныктоочу 5000 даана тест алынып келди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген