Коронавируска каршы эмдөө алгандардын саны 18 жарым миңге чукулдады

27-апрелге карата Кыргызстанда эмдөө алгандардын саны 18 миң 474 адамды түздү. Ал эми экинчи дозаны алгандардын саны 500гө жетпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Вакцина алгандардын басымдуусу Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарына жана Бишкекке туура келет.

Белгилеп кетсек, учурда республика боюнча 80ге жакын эмдөө түйүндөрү иштеп жатат.

Вакцинация кытайлык жана орусиялык препараттар менен жүрүүдө.

Кийинки вакциналар май айында өлкөгө келиши күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.