Коронавируска үй шартындагы азыктар менен каршы турууга болот

Коронавируска каршы ишенимдүү каражат- бул кадимки эле сарымсак. Сарымсакты туура, өз өлчөмү менен колдонуу аркылуу вирустун алдын алганга болот.

Whatsapp тиркемеси коронавируска үй шартында кантип каршы туруш керектиги тууралуу маалымат тарап жатат. Анда маалымат Казакстандын мурдагы Саламаттыкты сактоо министри, дарыгер Жаксылык Доскалиев тарабынан таратылгандыгы айтылат.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетине үй шартында каршы туруунун жолдору эң оңой. Сарымсакты дарыгердин көрсөтмөсү менен үзгүлтүксүз пайдалануу аркылуу вирустан сактанганга болот.

“Коронавируска каршы тура ала турган эң ишенимдүү азык- сарымсак. Кантип колдонобуз? Күнүгө эрте менен туруп, эч нерсе жебеген, ичпеген ачкарын абалда майдаланган 1 же 2 тишче сарымсакты суу менен ичиш керек. Кадимки эле дары ичкендей жутуу зарыл. Эсиңиздерде болсу, аны чайнаганга болбойт, биринчиден, чайналган сарымсактын таасири башка, экинчиден, ооздо жагымсыз жыт калат. Сарымсак канды жакшы тазалайт”- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сарымсактан тышкары ыссык чай дагы вируска жакшы дабаа болуп берет.

“Чайдын өзүн эле эмес, карагат жана малина кыямдарын кошуп ичсе жакшы жыйынтык берет. Бул учурга С витамини эң керек. Коронавирус 40-50 градустан жогору болгон температурадан коркот, андыктан, күн ичинде тез-тез ыссык суу ичип туруу маанилүү”,-делет маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген