Коронавируска чалдыккан бардык бейтаптардын абалы айтылды

Коронавирусуна чалдыккан бардык бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин коронавируска каршы күрөшүү максатында түзүлгөн Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, болгону бир адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал 71 жаштагы киши, учурда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында.

Обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. 2014 киши үй карантинине чыгарылды. Алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттүү.

Бүгүн, 25-мартка карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Кыргызстанда аталган илдетти жуктургандардын жалпы саны 42 адам.

Бүгүн, 25-мартка коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген