Коронавируска байланыштуу Сыймык Бейшекеевдин концерти токтотулду

Коронавируска байланыштуу Сыймык Бейшекеевдин 7-8-мартта Кочкор жана Нарын шаарларында өтүүчү концерттери токтотулду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Анда жазылгандай, өлкөнүн коопсуздугу үчүн концертти токтото туруусун айтышкан.

“Бул жерде эч кимдин күнөөсү жок, болгону дүйнөдө болуп жаткан илдеттин алдын алып өкмөт ушундай чечим чыгарыптыр. Баарыбызга жараткан кудай өзү жар болсун, буйруса өткөрө турган концерттер али көп болот. Алдын ала билет сатып алган активдүү күйөрмандарыма айтарым, билетиңиздерди кассага өткөрсөңүздөр тыйыныңарды 100 пайыз кайтарып берет. Өлкөбүздүн коопсуздугу ар бирибиз үчүн кымбат”, – деген ырчы.

Эске салсак, буга чейин Өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына киришинен жана жайылышынан сактануу үчүн жарандарды эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырган.

Коронавирустан сактануу үчүн өкмөт жарандарды эл көп жерлерге барбоого чакырды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген