Коронавируска байланыштуу Eurovision сынагы быйыл өтпөй калды

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Eurovision-2020 ыр сынагы өтпөй калды. Бул тууралуу 18-мартта сынактын уюштуруучулары билдиришти.

Конкурс быйыл 12-16-майда Нидерланддын Роттердам шаарында өтүшү керек болчу.

Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге «COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланд бийлигинин чектөөсү» себеп болгонун маалымдады.

Eurovision сынагы – 1956-жылдан бери өткөрүлүп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

“Илим жана Билим” каналында окуучулар үчүн видео сабактар көрсөтүлөт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген