Коронавируска байланыштуу билим берүү тармагы кандай иштейт? МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы кырдаалды жана карантиндин узартуу ыктымалдыгын эске алып, ыкчам жооп кайтаруу планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров “Ынтымак” ТВнын түз эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылбайт, анткени Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректин окуу процессин аралыктан окууну уюштуруу үчүн бир катар иш-чараларды өткөрүп жатат.

“Биздин максат – интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан, биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенджерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”, – деп билдирди КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Ал эми министрликтин сайтында келерки жума ичинде 1-11-класстар үчүн “санарип дарбаза” порталы ишке кирет. Бул порталдан алынган билимди бекемдөө үчүн окуу материалдар, атайын тесттерди көрсө болот.

“Бүтүрүү сынактарын жана ЖРТны өз убагында өткөрүү биз үчүн артыкчылыктуу маселе, ошондуктан коронавирус боюнча кырдаалга карабастан, бул маселени чечүү үчүн альтернативдик ыкмаларды табабыз”, – деди Нурлан Өмүров.

Ал кошумчалагандай, аймактарда интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктор, телекомпаниялардан берилген атайын программаларды көрүп, билим алышса болот.

Кыргызстанга 22-марттан өзгөчө кырдаал киргизүү сунушу берилди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген