Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды

Кечээ, 1-мартта  Япониядагы Diamond Princess лайнеринде коронавирус жуктурду делген кыргыз жараны ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ооруканадан чыгарылган жарандын Япониянын ооруканасынан берилген медициналык сертификаты бар. Андан коронавирус инфекциясына алынган акыркы тесттердин жыйынтыктары терс болуп чыккан.

Ал Кыргызстанга келүүнү чечсе, бул жакка келгенден кийин санитардык-эпидемиологиялык эреже жана нормаларга ылайык 14 күнгө карантинге алынары маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жараны коронавирустун жеңил түрүн жуктуруп алгандыгы айтылган.

Коронавирустан сактануу үчүн өкмөт жарандарды эл көп жерлерге барбоого чакырды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген