Коронавирус жаштардын бөйрөктөрүн жабыркатат

Коронавирус улгайган адамдардын гана эмес, жаш курактагы адамдардын ден-соолугуна олуттуу зыян келтириши ыктымал. Илимпоздор Британиядагы ооруканаларынын биринде, коронавирустук бөлүмдөрүндө даарыланып жаткан 50 жашка чейинки бейтаптардын 40 пайызында, бөйрөктөрдө жана башка органдарда татаалдашууну байкашкан. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Британиянын жети университетинин жана мамлекеттик саламаттыкты сактоо департаментинин адистери, өлкөдөгү 300 ооруканада 73 миң бейтаптын тарыхын изилдеп, бөйрөк, өпкө, жүрөк жана башка органдардагы кыйынчылыктар 19 жаштан 49 жашка чейинки бейтаптын ондон, төртөөсүндө пайда болоорун аныкташты.

«Covid-19 карылардын жана алсыздардын оорусу гана эмес. Бул маалыматтар коронавирус менен ооруканага жаткырылган жаштар дагы кыйынчылыктардан жапа чегип жаткандыгын тастыктап турат, алардын көпчүлүгү кийинки текшерүүнү жана дарылоону талап кылат ”, – деди изилдөө жетекчиси профессор Калум Семпл.

Илимпоздор өткөн жылдын биринчи толкунундагы бардык курактагы пациенттердин окуяларын изилдеп чыгышкан жана күтүлгөндөй эле, 50 жаштан ашкандар оорунун тобокелдигине көбүрөөк кабылышат, бирок жаш курактагы топтордо тобокелдик жогору: 44 пайызы 40 жаштан 49 жашка чейинки адамдардын арасында, 37 пайыз – 30дан 39 жашка чейин.

Көбүнчө коронавирус бөйрөккө таасир этет, андан кийин өпкө жана жүрөк жабыркайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.