Коронавирус тууралуу 9-декабрга карата статистика

Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарында – 41, Ош шаары – 2, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 365 бейтап, амбулатордук түрдө 347 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 851 киши айыгып чыкса, 2 миң 764 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.