Коронавирус: Ташкент базарларында кытай товарлары кымбаттады

Ташкенттин ири дүң базарларында кытай товарлары 5% кымбаттады. Ишкерлер Кыргызстан Кытай менен чек арасын жапкандан кийин, товар жеткирүү солгундаганын билдиришүүдө.

«Кытайдан түз жеткирүү токтогонуна байланыштуу биз товарларды көмүскө ташып киргендерге кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Алар болсо бул кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүп жиберишти», – деди жергиликтүү ишкер.

«Озодлик» радиосу билдиргендей, Ташкентте айрым курулуш материалдарынын, анын ичинде туш кагаз, плиталар 25-30% чейин кымбаттады. Ишкерлер дүрбөлөңгө түшкөн жок, бирок импорт үчүн Кытайдан башка өлкөлөрдү издешүүдө.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу Кытай менен чек арасын 24-январда жапкан. Натыйжада Кытайдан Өзбекстанга бара турган соода жолу буулган.

Өзбек бизнесмендери кыргыз ишкерлеринин кампада сакталган товарларын сатып алышууда. Алар болсо бааны жогорулатып жиберишкен.

Бул арада Кыргызстандагы “Кара Суу” жана “Дордой” базарларында кытай товарлары 5-10% кымбаттаганы айтылууда. Кыргызстандык ишкерлер жаңы жыл майрамдарына карата мурда эле эки айга жете турган товарларды камдап алышканын билдиришүүдө. Камдалган товар марттын аягы, апрелдин башына чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген