Коронавирус шартында коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелери

Коомдук жайларга барганда коронавирустун алдын алуу эрежелерин сактоо өтө маанилүү. Бул айрыкча элдер көп чогулган жерлерге тиешелүү. Мындай жерлерге аэропорттор, темир жол станциялары, коомдук транспорттор, спорттук аянтчалар кирет.

Аталган жайларда медициналык масканы тагынган же оозу-мурдун таза чүпүрөк менен жапкан жакшы. Эпидемия басылмайынча, тааныштарыңыз менен жолугушканда кол алышып, кучакташпагаңга аракет кылыңыз. Бул кадимки коронавирустун алдын алуу чаралар.

Инфекцияны милдеттүү түрдө алдын-алуу иш-чараларынын бири медициналык масканы тагуу болуп саналат.

Коомдук жайларда коронавирустан сактануу эрежелери төмөнкүдөй:

Жеке гигиенаны сактоо:

  • колуңузду мүмкүн болушунча тез-тез жана кылдаттык менен жууңуз (кеминде 20 секунд), анын ичинде антисептикалык каражаттарды колдонуу;
  • -жүзүңүзгө азыраак кол тийгизиңиз;
  • Жабык жайларды дайыма желдетип туруу керек;
  • Телефонуңузду (инфекциянын күчтүү булагы) антисептикалык каражаттар менен үзгүлтүксүз тазалап туруу абзел, айрыкча, гаджеттин бетке тийип турган жерин

Коомдук гигиенаны сактаңыз:

  • коомдук жайларга мүмкүн болушунча сейрек чыгыңыз, оорулуу адамдар менен байланышуудан алыс болуңуз, башка адамдардан кеминде 1 метр аралыкта алыс болуу керек, өбүшүүдөн жана кол алышуудан алыс болуңуз, жалпы идиштерден же таңгактагы тамактарды жебеңиз;
  • суук тийгизип, алсырай баштаган болсоңуз, дароо дарыгерге кайрылып, аны үйгө чакырып, анын бардык сунуштарын так аткарыңыз, өз алдынча дарыланууга жол бербеңиз, иштеген жериңизде жана / же окуган жериңизде ооруңуз жөнүндө алыстан кабарлаңыз;
  • оорулуу адам менен байланышкан учурда – бул жөнүндө алыстан иштеген/ окууган жери боюнча кабарлап, кеминде эки жума өзүн-өзү обочолонууга алуу керек.

Ар бир адамдын коомдук гигиенасы ар бир адамдын коопсуздугунун кепилдиги экендигин унутпаңыз!

Булак: saksalamat.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.