Коронавирус: Ошто концерттер токтотулду. Видео

Ош шаарында 4-марттан тарта өлкө аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында бардык маданий массалык иш-чаралар токтотулду.

Эстрада ырчысы Венера Назаралиеванын 8-мартка белгиленген концерти дагы токтотулду. Анын айтымында, бир күн калган күнү өкмөттүн чечими менен жокко чыгарылды.

“Жалпы 3000 долларга жакын чыгым болду. Учурда билет алган жарандарга акчасын кайтарып берип жатабыз”, – дейт ырчы.

Азыркы учурда Ош улуттук жана Бабур театрындагы болуучу маданий иш-чаралардын баары токтотулган.

Эске салсак, буга чейин Нооруз майрамына карата массалык иш-чаралар өтпөй тургандыгы айтылган.

Коронавирустан сактануу үчүн өкмөт жарандарды эл көп жерлерге барбоого чакырды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген