Коронавирус: Кыргызстандын түштүгү кооптуу абалда. 3 облустун акыркы маалыматтары

Бүгүн, 21-мартка карата, Кыргызстанда коронавируска кабылды делген 12 адам аныкталганы кабарланды. Алар: Сузак районунда – 8, Ноокат районунда – 3, Баткен районунда – 1.

Бул маалымат чыккандан кийин Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзакметов облус аймагында дагы төрт адамдан коронавирус аныкталганы боюнча маалымат таратып, алар Сузак районунун Ырыс айылынын тургундары жана алардын ичинде эң жашы жетидеги бала экенин айткан. Бирок Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб анын бул маалыматын четке кагып: “Облуста коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 4 учур катталганы, анын ичинде 7 жашар бала бар экени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт”,-деген маалымат таратты.

Мындан кийин облус жетекчиси Мирзакметов кайрадан элге чыгып, жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана облуста абал курчуп баратканын айтып, тургундарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

Опубликовано Жалалом-Абадом Облусунун Медиаборбору Пятница, 20 марта 2020 г.

Республикалык штаб Сузак районунда коронавирусту жуктургандар менен байланышкан 1630 адам аныкталганын, дагы 734 байланышкан адам Ноокат районунан табылганын билдирди. Маалыматка ылайык, алардын баары анализ тапшырып, учурда обсервацияга алынган.

Ал арада Жалал-Абад шаарына сырттан киргендер көзөмөлдөнө турганын шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга ылайык, шаар башчысы башка жактан келгендерди калаага кирбөөгө жана шаардыктарды үйдөн чыкпай отурууга үндөдү. Учурда дарыканалар менен тамак-аш саткан дүкөндөр гана иштеп жатат.

Төмөндө “Ынтымак” ТВнын Жалал-Абаддагы кабарчысы Кабылбек Көчкөнбаев менен Тынчтыкбек Доулдаевдердин аймактагы акыркы абал тууралуу жасаган сюжети:

Бүгүн, 21-мартта, Жалал-Абад шаарына, коронавируска шектүүлөрдүн жана байланышта болгон жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн Ош шаарынан мобилдик лаборатория барды. Ал Жалал-Абад областтык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды. Ал 1 күндө 100 гө чукул адамдын анализин текшергенге мүмкүнчүлүгү бар.

Аталган кызматтын башчысы Дүйшөн Курманалиевдин берген маалыматында, лаборатория менен кошо атайын даярдыктан өткөн адистер келди. Дагы Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен Баткен районунда 21-мартта коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну экени аныкталды. Буга байланыштуу, район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлду.

Баткенде өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарды дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлорунун кызматкерлери:

☑️ 230 мечитте жана 5 медреседе;

☑️ 13 мектепте, 7 орто жана жогорку окуу жайда, 17 мектепке чейинки мекемеде;

☑️ 81 коомдук тамактануу жайында;

☑️ 33 саламаттык сактоо мекемесинде;

☑️ 8 аскердик бөлүгүндө;

☑️ 5 ӨКМ бөлүмүндө;

☑️ 4 базарда дезинфекциялык иштерин аткарышты.

Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында жарандардын турак үйлөрү да дезинфекцияланды. Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган, алардын 49у – кичи ажылыктан келгендер. Булардын ичинен 21 жаран изоляторго жайгаштырылды.

Бүгүнкү күнгө облустун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор даярдалган. Коӊшу мамлекеттер менен чек аралаш аймактарына блок посттор коюлууда.

Ошондой эле, өлкөнүн экинчи борбору саналган Ош шаарында коомдук транспорттор токтотулду. Базарлар жабылып, 50 орундан ашык коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторандар ишин токтотту.

Шаардык мэрия ооруканаларда кызмат кылып жаткан дарыгерлерге коомдук унааларды уюштуруп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди. Уюштурулган транспорттор оорукана кызматкерлерин аялдамалардан алып кетет.

“Шаардагы коомдук транспорттор токтогондон кийин оорукана жетекчилерине кызматкерлери үчүн унааларды уюштуруу тапшырмасы берилген. Муну ишке ашырууну Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине милдеттендиргенбиз”,-деди Урали Раманов.

Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция, ооруканалар дем алышсыз жана күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ал эми той-аштар менен куран окутуулар токтотулду. Мечиттерде жума намаздар окулбай калды. Коомдук жайларды, транспорт каражаттарын жана ишкана-мекемелерди коронавируска каршы дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Акыркы сааттагы алынган маалыматтарга караганда, Ош облусунда 232 жаран обсервацияда жатат. 2 күн мурун Орусиядан учуп келгендер да карантинге алынган. Ал эми Италия, Дубайдан учуп келгендер обсервацияда. Азык-түлүк ар бир айыл өкмөттөрдө өз наркында сатылып жатат. Оору чыккан айылдарга азык-түлүк жеткирилип берилүүдө. Учурда бет кап, кол каптар, халаттардын таңкыстыгы бар. Ун боюнча тартыштык жок. Алай районуна 68 тонна, Кара-Сууга 70 тонна жеткирилип, Араван, Өзгөн районуна, алыскы аймактарга чейин ун жеткирип берүү колго алынууда. Демөөрчүлөр дагы жардам берип жатышат. Умрадан Кыргызстанга 2 учак менен 282 жаран келген экен. Алардын бары обсервацияда жатышат. Булар тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, эрежелерге баш ийбегендер да болуп жатат. Социалдык тармактарда Ноокаттык тургундун Чүйгө качып кеткени айтылып жатат. Бул жалган. Ал апасына жолуккандан кийин өзү жашаган аймакка кеткен. Учурда карантинде.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Абдилатип Шамшиевдин айтымында, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алар азыр жаңы алгоритм менен иш алып барышууда.

Кечээ, 20-мартта, Кыргызстанга чет өлкөдөн 450 жаран учуп келди. Москвадан дагы жарандарыбыз учуп келип атат. Келгендерден анализ алынып, жыйынтыгы таза чыкса, үй карантинине жиберип жатабыз. Ош облусу боюнча 2000 орун даярдалган. Бул ооруканалардан сырткары.

Өлкө боюнча обсервацияда – 649 адам жатат. Жалпысынан обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 2290 орундуктар даяр турат. Буга чейин кичи ажылыктан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бүгүн, 21-мартта, Кыргызстандын Коопсуздук кеӊеши Премьер-министрге өлкө аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тарта, 1 айга чейин өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо сунушун киргизди.

Мындан улам КР Биринчи вице-премьер министри К.Боронов өлкө боюнча өзгөчө абал эмес, ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ режими киргизилип жатканын билдирип, айырмалычыгын айтты:

 

Короновирус: Оштогу акыркы абал кандай?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген