Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Кыргызстанда 27-сентябрга карата коронавирус дагы 59 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 9,Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыкса, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 491 бейтап, амбулатордук түрдө 834 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 317 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 912 киши айыгып чыкса, 2 602 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.