Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Кечээ, 2-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2. Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116.

Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 54;
  • Ош облусунда – 30;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Ош ш. – 10;
  • Бишкек ш. – 8;
  • Нарын облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 2

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда. Жалпы 2 киши Ноокатта, 2 Ошто,бирөө Жалал-Абадда.

Жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгондор.

Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жакшы жаӊылык: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты.

2020-жылдын 1-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 80 млн. 552 миң 233 сом акча каражаттар түштү. Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди.

02.04.2020-ж. карата ӨКМдин өткөн суткага статистикасы:

– 1 млн 387 миӊ м2 аймак дезинфекцияланды;

– 12 миӊден ашык койка-орундук даярдалды;

– санитардык-карантиндик жана блок-постторго 120 чатыр жана 56 мобилдик турак үй орнотулду;

– обсервациядагы жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө;

– 112 ыкчам номуруна коронавирус боюнча 1004 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр бардык суроолорго жооп беришүүдө;

– ӨКМдин өлкө аймагында иш алып барып жаткан өздүк курамы жеке коргонуу кийимдер (500 даана) жана көп жолку колдонуучу бет каптар (1030 даана) менен камсыздалган;

– 100 тонна ун Ош шаарынан Ноокат районуна, 60 тонна ун Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна жеткирилди;

– ӨКМ тарабынан 179 куткаруучу жана 16 унаа тартылды.

Кытай Кыргызстанга COVID-19 тез ыкчам аныктоочу 21 000 тест берди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген