Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Кечээ, 22-июнда10 бейтап ооруканадан чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 2021 жетти. COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 205 учуру катталды.

Жалпы жуктурган – 3 356.

Ооруканада – 571, анын ичинен реанимация – 11.

Каза тапты – 40.

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 289.

Жалпы үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткан 724 киши турат.

Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Ушуга байланыштуу, 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жарандарды өзүн-өзү дарылабоого жана санитардык талаптарды сактоого чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген