Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Кечээ, 30-мартта республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды. 

Биз сиздерге атайын түзүлгөн Республикалык штабдын маалыматын сунуштайбыз:

Стационардан Жалал-Абад облустук ооруканасынан COVID- 19 вирусунан айыккан 3 бейтап чыгарылды.

СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адам, алардын ичинен 1-категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, 2-категориядагы (башкалар) – 5222. Жалпы республика боюнча 1459 адам обсервацияда.

“Коронавируска каршы күрөшүүдө ишке тартылган саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык кызматкерлери кошумча айлык акы алышат”, – деп билдирди саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына делген администрацияланган эсепке 50 млн 960 миӊ сом түштү. Бул каражаттарды бөлүштүрүү менен атайын түзүлгөн комиссия алектенет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маанилүү билдирүүлөрү:

– Мамлекет өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарат. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт.

– Кыргызстан өзүнүн жарандарын таштабайт, өлкөбүз аларды кабыл алууга даяр. Биринчи кезекте, Россиядан колунда сатып алган билеттери бар жарандар алып келинет.

– Калктын катмарларынын тизмеси түзүлгөн, булар күн сайын киреше алуунун негизинде үй-бүлөнү камсыздап, колдоого муктаж болгон таксисттер, куруучулар жана башкалар. Учурда жеке ишкерлер жана мамлекет аркылуу жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда.

– Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бир жумадан бери кеӊешмелерди өткөрүп жатабыз. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда.

Бардык коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. 1312 кыска номери боюнча ыкчам байланыш ачылууда, бул аркылуу өткөрмөлөрдү тариздөө боюнча тиешелүү суроолорго жооп алса болот.

Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.

Кыргызстанда алгачкы жолу онлайн той өткөргөн жаш жубайлар. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген