Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Кечээ, 29-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаңы учуру катталды. Республика боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны – 58ден 84кө жетти. Алардын ичинен 3 бейтап реанимацияда, абалы оор.

Биз сиздерге коронавирус боюнча түзүлгөн Республикалык штабдын маалыматын сунуштайбыз:

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 4 886 жаран обсервация режиминде, үй карантининде – 3 338 адам.

Түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. Алардын жалпы саны 14-15 дарыгер, реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор.

Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер 227 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1 кап ундан жана 25 кг күрүч таратышты.                                                      Чет өлкөдө Ош облусунун Ноокат районундагы мекендештерибиз акча каражаттарын чогултуу үчүн эсеп ачышты. Чогултулган акча каражатына  биринчи обсервацияда болгондордун шартын жакшыртуу үчүн керебеттерди, жууркан-төшөк, жана шейшептерди сатып беришти.

Баткен облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жалпы 183 тонна ун, 1013 кг макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч, 874 кг кумшекер берилди

Ош облусунда  жазгы талаа жумуштары башталды, 12 607 га жер айдоо болуп 2070 га жаздык буудай, 3880 га арпа, 53 га картошка, 48 га жүгөрү, 48 га жашылча эгилди.

Бишкек шаарынын комендантынын маанилүү билдирүүсүн белгилей кетсек. 1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда  өткөрмөлөр электрондук түрдө бериле баштайт.

Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат.

Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.

Ошто жазгы талаа иштери карантиндик талаптарды сактоо менен жүргүзүлүүдө

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген