Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды. Буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Коронавирусун жуктурган жалпы 430 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 128
  • Ош ш. – 59
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 77
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

Жакын байланыштар (I категория) – 1 417

Башка байланыштар (II категория) – 5 683

Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат.

Өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур. Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар.

Оорунун жогорку чеги 20-24-апрель күндөрү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген