Коронавирус: Караколдо көп кабаттуу үйлөрдүн эшиктерин сваркалап салышты. Видео

Каракол шаарындагы Кирпичный районунун көп кабаттуу үйлөрдүн эшиктери сваркаланды. Буга аталган үйлөрдүн биринин жашоочусунун коронавируска чалдыкканы себеп экендигин Reporter kg сайты жазды.

Анда маалым болгондой, вирусту жуктурган караколдук жаран Умрага барып, келгенден кийин ошол замат обсервацияга алынбай, үйүндө жүргөн.

Ал эми подьезддердин эшигинин жабылышын жашоочуларга эч ким түшүндүргөн эмес.

“Бирөөлөр келип эле эшиктерди сваркалай башташты. 4 подьезд жабылды. Түшүнбөй эле биз кантип чыгабыз эшикке деп суроо берип, бирок эч кандай жооп алган жокпуз”,-дешкен жергиликтүү жашоочулар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.