Коронавирус: Канададагы кыргыздар кабарлайт

Канадада коронавируска чалдыккандардын саны 9-апрелге карата, 20 миңге чукулдады. Алардын 400дөйү каза тапса, 4 миңден ашыгы айыкты. Өлкөдө калкынын жалпы санына пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде 1 млн. адамдын 470тен ашыгы вируска чалдыккан. Канада өкмөтү дүйнөнүн башка мамлекеттериндей эле таажы вирусу менен алпурушуп жатат.

Коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү айрым мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар тууралуу кеп учугун улантабыз. Бул жолу Канадада жашап-иштеген кыргыздар менен байланышып, ал өлкөдөгү абал жана өздөрүнүн ден-соолугу тууралуу сурадык.

Бул мамлекетте жашап иштеген Кутманбек Мазарипов Канададагы абал тууралуу кыргызстандыктарга кыскачы маалымат берди.

“Мен, Канаданын Онтарио провинциясында жашайм. Бул жакта 17-марттан баштап, өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Дүкөндөр, дарыканалардан башка бардык мекеме, ишканалар жабылган. Оорулуулар үчүн атайын түз байланыштар түзүлүп, дарыгерлер шектүүлөрдү үйлөрүнөн текшере башташты”,-дейт К.Мазарипов.

Канада Өкмөтү коронавируска каршы күрөшүү максатында 107 млрд доллар бөлгөнүн CITYNEWS маалымат агенттиги жарыялады. Бул акча – медицинаны колдоого, ишкерлерге көмөктөшүүгө, жазгы талаа жумуштарын аткарууга жана жөнөкөй жарандарга каржылык жардам көрсөтүү максатында иштетилет. Булардын ичинен жумушуна баралбай жаткандарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнөн вируска чалдыгып калгандарга жардам катарында берилет. Ошондой эле балдардын жөлөкпулдарына бир жолу төлөнүүчү акча катары 300 доллар берет. Ушуларга кошумчалап, Кутманбек Мазарипов буларга токтолду.

“Салыктарды төлөө 31-агустка чейин, ал эми салык декларациясын тапшыруу 1-июнга чейин жылдырылды. Негизинен декларацияны 15-апрелге чейин тапшырып бүтүрүшү керек болчу. Ошондой эле, ипотекасы барларга жардам көрсөтүлүп, 6 айга чейин төлөбөй турууга уруксат беришти. А коммуналдык төлөмдөргө төлөө 3 айга чейин токтотулду. Коронавируска чалдыккандарга ар эки жума сайын, 4 ай бою 900 доллардан бериле турган болду. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкер эмес, жеке ишкерлик менен алектенген жарандарга 4 айга чейин 2 миң доллардан төлөп бере баштады”,-деди Мазарипов.

Ошондой эле, бардык эс алуу бактары, балдар аянтчалары, стадиондор жабылып, катуу көзөмөлгө алына баштаган. Анткени өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин адамдар аз деп бул жактарда сейилдеп келүүгө барып жатышкан. Башка мамлекеттердегийдей эле Канадада да беткаптар менен антисептиктердин жетишсиздиги көйгөй жараткан. Ошондуктан өкмөт көптөгөн завад-фабрикаларга финансылык колдоо көрсөтүп, беткаптардан тартып, керектүү медициналык жабдыктарга чейин чыгарууга кам урду. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөп, бааларды туруктуу кармоого ишкерлерди чакырып жатты.

Учурда Канададагы кыргыздар арасында таажы илдетине чалдыккандар жок. Баары үйлөрүндө жана санитардык эрежелерди сактап жатышат дейт Кутманбек Мазарипов:

“Бул жердеги кыргыздардын баары жакшы. Абалга байланыштуу азыр карантинде, үйдө отурушат. Бирок айрымдары иштеп атат. Алар менен байланышканда баары жакшы экендиктерин айтып турушат. Бирок баарыбир кырдаалга байланыштуу, бир аз сары санаа болуп иштеп жүрүшөт. Ал эми биздин вирустан сактануу аракеттерибиз адамдар арасындагы социалдык аралыкты так кармоого байланыштуу болгондуктан, ушул жана башка эрежелерди карманып жатабыз”,-деди ал.

Дагы бир жердешибиз Заирбек Жусупов Канадада 2014-жылдан бери жашап, иштейт. Азыр Гатино деген шаарында турат. Алыста жүрүп, ал дагы өз өлкөсүндөгү кабарларды акмалап турат. Күнүмдүк жаңылыктарды өткөрүп жибербей, Канада менен Кыргызстанды салыштырат.

“Кыргызстандагыдай бул жерде коменданттык саат киргизилген жок. Кыргызстанда эң туура болду. Аябай катуу көңүл бурулуп, элди эшикке чыгарбай, көзөмөлдөгөн эң туура иш”,-деди Жусупов.

Канадада мектептер 30-апрелге чейин жабылган. Бирок алар дагы аралыктан окутууну колго алышты. Курулуш компаниялар, көптөгөн чоң-чоң фирмалар, кафе-ресторандар убактылуу ишин токтотту. Жарандар тамак-ашты буйрутма менен алып кетишет, ошондой эле азык-түлүктөрдү сатып алышат. Азык-түлүк демекчи, Канадада деле күнүмдүк керектөөчү бир канча товарлар тартыш болуп, эл бир сыйра дүрбөп алган.

“Адамдар башында аябай дүрбөлөңгө түшүп, азык-түлүк тартыштыгы болгондой болуп, кезекке тургандар аябай көбөйдү. Кыргызстанда унга болгон суроо-талап жогоруласа, Канадада кагаз майлык, ажаткана кагазы, антисептиктер, дезинфекция материалдары аябай тартыш болду. Дүкөндөргө эрте менен келсе, бат эле калбай калат”,-деди Заирбек Жусупов.

Коронавирус 400 миңден ашык адамына жуккан АКШнын кошунасы Канада чоң сыноодо турат. Ошондуктан өкмөт бар аракетин көрүп, дээрлик бардык байланыштарды токтотууга аргасыз болду.

Дүйнөдө коронавирус адеп жайыла баштаганда Канада алгачкылардан болуп, Жапонияда өтө турган жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарткан. Өкмөт Эл аралык Олимпиада комитетине кайрылып, «спорттон да маанилүү – саламаттыкты сактоо тармагы каатчылыкка батып турган чакта» оюндардын мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга чакырган. Ошентип жайкы Олимп оюндары 2021-жылга калтырылды.

Германиядагы кыргызстандыктар кабарлайт. Абал кандай?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген