Коронавирус: Дүйнөлүк сандар сүйлөйт. Вирус жете элек он чакты гана өлкө калды

Бүгүнкү күндөгү статистика дүйнөдө Covid-19ду жуктургандардын санын 339 363 деп көрсөттү. Дүйнө боюнча аталган илдеттен 98 908и айыгып, 14 716 адам көз жумган.

Статистикага таянганда, Кытай вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыда. Ал эми каза болгондордун эсеби менен алып караганда Италия өлкөсү Кытайдан озуп чыкты.

Аталган дартты жуктурган  өлкөлөрдүн алдыңкы беш катарында Кытай, Италия, АКШ, Испания жана Германия турат.

1. Кытай.

81 093 адамга вирус жуккан

14 716 айыккандар

3270 адам каза болду.

2. Италия

59 138 кишиге жуккан.

7024 айыккандар

5476 адам көз жумду.

3. АКШ

35 418 адамга жуккан

175 адам айыгып,

473 адам каза болду.

4. Испания

28 768 учур катталган

2575и айыккандар

1772 адам набыт болду.

5. Германия

24 873 адам жабыркайт

266 айыккандар

94 көз жумду.

Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен болсо айыккан жана каза болгон учурлар каттала элек

Кыргызстан- 14
Казакстан -59
Өзбекстан -43

Ал эми вирус таптакыр катталбаган он чакты гана өлкө калган. Алардын арасында коңшу Тажикстан жана Түркменистан мамлекеттери да бар.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча Тажикстан өлкөсүндө вирус жок болгондуктан, Нооруз майрамы жылдагыдай эле шаан-шөкөт менен өткөрүлгөн.

Мындан улам чет элдик сайттар “Кытайдан чыккан Covid-19” эмне үчүн Европа өлкөлөрүнө тарап, ал эми “кошуналарына” жайылган жок?” деген сыяктуу суроолорго жооп издешкен.

Анда Тажикстан коронавирустун алдын алуу үчүн 4-март күнү эле элин намазга чогулууга тыюу салган деп жазылат.

Ал эми Түркменистан өлкөнүн бардык жерлеринде ысырык түтөтүп вируска каршы турду, ал гана эмес, президенти Гурбангулы Бердымухамедов да учурдагы кырдаалга ысырык менен каршы турууга кеңеш бергендиги айтылат.

“Биздин ата-бабаларыбыз салт-санааны бекем кармашкан. Алар маанилүү бир кадамдарды жасаарда ысырык салышкан. Жаңы үйгө көчкөндө, турмуш курганда жана кандайдыр бир оору-сыркоолор пайда болгондо да ысырыктап турушкан”,-деп айткан Бердымухамедов.

Казань шаарынын “Бизнес Онлайн”сайты коронавирустун Орто Азия өлкөлөрүнө кеч келип жаткандыгы тууралуу даярдаган материалын төмөнкүдөй аяктаган.

“Орто Азия мамлекеттери эпидемиялык абалдын болушунча алдын алып жатышат. Кантип вирус таралбай жатканын түшүнүү кыйын. Ар кандай варианттар бар: абанын кургактыгыбы, улуттук тамак-аштарынын өзгөчөлүгүбү же ысырыкта бир сыр барбы…так жооп жок”,-деп жазган “Бизнес Онлайн” сайты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген