Коронавирус дүйнөдө: Нью-Йоркто вируска каршы эмдөө алган 23 бейтап көз жумду

Нью-Йорк штатында коронавируска каршы эмдөөдөн кийин 23 бейтап каза болгон. Бул тууралуу АКШнын басылмалары жазышууда.

Аталган өлкөнүн Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун өкүлү билдиргендей, АКШ бийлиги окуянын чоо-жайын изилдей баштады.

“Учурда каза болгон америкалыктар баңги затын колдонуп колдонбогону аныкталып жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары COVID-19га каршы эмдөөдөн терс таасир алгандардын саны 643кө жеткен.

Эске салсак, АКШ дүйнөдөгү мамлекеттердин арасынан коронавирус менен ооругандардын санынын көптүгү боюнча биринчи орунда турат. Анда ооруну жуктуруп алгандардын саны   28 млн 524 миңге чукулдап, жарым млндон ашык бейтап каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.