Коронавирус дүйнөдө: Германия жалпы карантинди 31-январга чейин узартты

Германиянын канцлери Ангела Меркел өкмөт өлкөдө коронавирустун жайылышына бөгөт коюу чарасы катары жалпы мамлекеттик карантинди 31-январга чейин узартканын айтты. Ал эми жылдын алгачкы токсондугунда коронавируска каршы эмдөө калайыктын артыкчылыктуу топтору үчүн гана жүргүзүлөт.

5-январда Германиянын өкмөтү менен федералдык жергелеринин өкүлдөрүнүн жыйыны пандемияга байланыштуу жалпы өлкөдө карантин чараларын катаалдатуу тууралуу чечим кабыл алды. Вирус очокторунда жашагандардын башка аймактарга катташы чектелет, мындай “кызыл” аймактын тургуну өз үйүнөн 15 чакырымдай гана узак бара алат. Коңшу-колоңдун да өз ара карым-катнашын убактылуу чектөө сунушталды.

Германиядагы мектептер менен бала бакчалар 1-февралга чейин жабылды. Айтмакчы, Ангела Меркел Германиядагы эмдөө жүрүмү Евробиримдиктин башка өлкөлөрү менен чогуу-чаран жана бирдей жүргүзүлө тургандыгын тастыктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.