Коронавирус дүйнөдө: Бир суткада 600 миңден ашык адамдан табылды

19-ноябрга карай дүйнөдө коронавирус илдети 600 миңден ашык адамдан чыгып, жалпы 56 млн 179 миңге жетти. Ал эми каза болгондор 1 млн 347 миң 778.

АКШда ооругандардын жалпы саны 11 млн 517 миңден ашып, 250 миң 483 адам каза болду.

Индия өлкөсүндө коронавирус инфекциясы 8 млн 913 миңге чукулдап, 130 миң 993 адам көз жумду.

Бразилияда 5 млн 946 миңге жакын адам вируска кабылса, 167 миң 455 бейтап каза болду.

Францияда болсо 2 млндон ашык адамга вирус жугуп, 45 миң 946 бейтап көз жумду.

Орусияда 1 млн 955 миңге жакын адамдан табылса, каза болгондор 33 миң 619.

Кыргызстанда коронавирус 67 894 адамга жугуп, 1 212 адам көз жумду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген