Коронавирус боюнча түзүлгөн штабдын башкы максаты айтылды

Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Ага Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышып, селектордук режимде өттү. 

Штабдын башкы максаты – ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу. Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

 “Туруктуу өндүрүш көлөмүн, ташып келүүнү камсыз кылуу жана баалар боюнча өндүрүүчүлөр, ташуучулар, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын кожоюндары менен жолугушууларды өткөрүү максаттуу. Биз чийки заттардын көлөмү, ташып келүү боюнча келишимдер, каржылоодогу муктаждыктар жана чет элдик жумушчу күчтөрдүн зарылдыгы жөнүндө билишибиз зарыл”, – деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр ошондой эле айыл чарба продукцияларынын, азык-түлүктүн запасы жана калктын керектөөсү тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдардын отчётун укту.

Мамлекеттик органдардын алдын ала берген маалыматы боюнча, чарба багытындагы товарлар жетиштүү санда, ал эми аларды импорттоо мурдагыдай эле жүзөгө ашырылууда. Кыргыз тарап продукцияларды ташууга кандайдыр бир чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Кытайда карантинге алынган мейманкана кулап, 2 адам каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген