Коронавирус боюнча суроолор менен кайрылган чет жердеги мекендештер үчүн жардам берүүчү пункттар түзүлдү

Коронавируска байланыштуу маселелер менен кайрылган чет жерде жүргөн мекендештер үчүн Тышкы иштер министрлиги жардам берүүчү пункттардын даректерин жарыялады. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалыматта белгилүү болгондой, тизмедеги дарекке кайрылгандарга кызматкерлер күн-түн дебей кызмат көрсөтүшөт.

Аталган демилге ТИМ тарабынан көтөрүлүп, Кытай, Корея, Япония, Швейцария жана Италияны камтыйт.

 “Аталган өлкөлөрдө жүргөн жердештерибиздин тизмедеги даректерге кайрылышын суранабыз. Ошондой эле даректерди билбегендерге да маалымат жеткирип койсоңуздар. Жогорудагы өлкөлөрдөгү мекендештерди эл топтошкон жерлерде болбоого, жергиликтүү бийлик көрсөткөн эрежелерди сактоого чакырабыз”,- деп айтылат маалыматта.

ТИМ кошумчалагандай, абал турукташканга чейин кыргызстандыктардын Кытай, Корея, Япония, Италия жана Иран өлкөлөрүнө пландалган сапарларын убактылуу четке жылдырып туруусу зарыл.

Учурдагы абал тууралуу суроолор боюнча кыргызстандыктар төмөнкү даректерге кайрыла алышат:

Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч 10.

Тел: (+996 312)66 34 05, 66 08 11

Кыргызстандагы Кытай элчилиги: H 10/11 King’s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China, тел: (+86 10) 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg, тел: +8613260203680; +8613581902801.

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы элчилиги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China, тел: (+86 20) 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg, +8613925051627, +8618666093015.

Урумчу: № 876, Davan Bei, Urumqi city, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg, тел: +8613325629147, +8618599044747.

КЫргызстандын Япониядагы элчилиги: 108-0079, Tokyo, Japan, Minato-ku, Mita 1-5-7, тел (+81 3) 64538277, e-mail: kgembassy.jp@mfa.gov.jp.

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги: Dongbinggo dong 28-17, Yongsan-gu Seoul, тел(+82 2) 3790951, 3790952, e-mail: kgembassy.kr@mfa.gov.kg, +821021804216.

Кыргызстандын ИРандагы элчилиги: PO code: 195 793 5611, bldg. 12, 5th Naranjestan Alley, Pasdaran Street, Tehran, тел:(+98 21) 228303 54, e-mail: kgembassy.ir@mfa.gov.kg, тел: +989331792782, +989352505278.

Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги: Avenue Blane 51, 1202 Geneva, тел (+41 22) 7079220, e-mail: kgembassy.ch@mfa.gov.kg, тел: +41789781414.

Мындан тышкары ТИМдин департаментинде элчилик кызматынын байланыш телефондору тынымсыз иштейт:+996551312000.

Департамент WhatsApp, Viber, Telegram социалдык тармактары аркылуу үн менен жазылган, жазуу түрүндө жөнөтүлгөн маалыматтарды да кабыл алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген