Коронавирус боюнча 25-июнга карата статистика

Өлкөдө 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, илдет Бишкек шаарында – 395, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 128, Ош облусунда – 109, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 90, Баткен облусунда – 49 адамдан табылган.

Бир суткада 533 адам илдеттен сакайды:Бишкек шаарында – 249, Ош шаарында – 104, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда – 17 адам”, – деп айтылат билдирүүдө.

Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 702 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 862 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бир күндө стационардан 6, үй карантининен 5 медкызматкр чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери 5 миң 231 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 818 медкызматкер айыгышкан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун жалпы 118 миң 981 учуру катталган. Алардын ичинен 107 миң 391 киши айыгып чыгып, илдеттин айынан 1 миң 964 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.