Коронавирус: АКШда күнүнө 10 миңдеп катталууда

Коронавирустун жайылышы Америкада күчөй баштады. Азыр вирусту жуктургандардын саны боюнча Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү орунга чыкты. Элдин жашоосу, өлкөнүн экономикасы учуда кандай кырдаалга туш болгону боюнча, АКШда жашап, иштеген кыргызстандык Асан Акунов ой бөлүштү.

“Америкада вирусту жуктургандардын саны абдан бат өсүүдө. Күнүнө 10 миң адам жуктурганы кабарланууда. Ошол эле Кытай, Италияга салыштырганда АКШда коронавирусту жуктургандардын саны тез кетип атат. Бир ай башта 2 миңдей адам гана жуктурганы айтылса, 23-мартка карата, 35 миңден ашты. Алгач башталганда 100 же 200 деп жай келатса, азыр күнүгө миңдеп кошулууда. Тилекке каршы бул сандан саат сайын, керек болсо, минута сайын өзгөрүп атат”,-деди Акунов.

Маектешибиз буларга кошумчалап, айрыкча Нью-Йорк катуу жабыркап жатканын айтат. Анткени аталган шаардын өзүндө эле 15 миңден ашык учур катталган. Дүйнөдөгү коронавирус жуктургандардын беш пайызы Нью-Йоркко тиешелүү экенин дүйнөлүк маалымат каражаттары билдирүүдө. Жекшембиде шаардагы коомдук тартипти камсыздап жаткан 100 полиция кызматкери вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду.

“Американын эли азыр дүрбөлөңгө түшпөй калды. Элдин баары маалымат алышты. Мындан бир жума башта абдан катуу дүрбөлөң түшүп, дүкөндөрдө азык-түлүк калбай калган учурлар да болгон. Азыр андай болбой, эл бир аз болсо да тартипке келип калды. Дүкөндөргө барсаңыз, 2-3 метр аралыкта туруп, кезектерди так сактап атышат. Бардыгы үйдөн иштегенге өтүштү. Бирок ошол эле учурда жүз миңдеген адамдар жумушсуз калып, үйлөрүндө отурат. Эртең эмне болоорун эч ким билбей калды”,-дейт Акунов.

Ал Американын экономикасы боюнча CNN, CNBC сайттарынын маалыматтарына шилтеме берип, Америкадагы 5 эле эң чоң делген компаниялардын баалуу кагаздарынын баасы 1 триллион долларга түшкөнүн билдирди. Алар: Apple, Facebook, Amazon, Google, Microsoft.

“Азыр АКШ өкмөтү 2 ай башта аракет көрө баштабаганына бармагын тиштеп отурат. Анткени азыр токтотуу бир топ эле кыйын болуп калды. Баары үйүндө отурушса да, мындан 10 күн мурда жугузгандар деле эми тест кылып атышат”,-деди Асан Акунов.

Аягында келип, вакцина боюнча кеп козголууда. Азыр бул ооруга дары жок. Анткен менен Америка эксперимент кылып атышат. Бирок изилдөөчүлөрдүн айткандарына таяна турган болсок, 8 айдан 18 айга чейин гана колдонууга чыгат. Ага чейин вирусту жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн үйдө гана отуруудан башка эч нерсе кыла элек. “Эң гана эффективдүү жолу – бул, үйдө отуруу керек жана вирустун жайылып кетүүсүн токтотуу зарыл. Бирок экономиканы колдоп, жумуш жоготкондорду колдоп, бир айда миң доллар чек жөнөтөбүз деп атат. Бирок ал чындап келгенде көп деле жардам бербейт”,-дейт Акунов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндөгү статистика дүйнөдө COVID-19ду жуктургандардын санын 340 миңге чамалады. Алардын ичинен дүйнө боюнча 100 миңге жайыны айыгып, 15 миңдей адам көз жумганы кабарланууда.

Ал эми Кыргызстанда 23-мартка карата коронавирус жуккан 16 учур катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген