Кореялык компания Кыргызстанга соода-логистикалык борборун курушу мүмкүн

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова CJ Group компаниясынын төрагасы Кен Шик Сон менен болгон жолугушууда Кыргызстанга соода-логистикалык борбор жана Эркин экономикалык борборлорду курууну сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта Динара Кемелова Кен Шик Сонго тамак-аш продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында кайра иштетүүчү компания куруу сунушу менен кайрылгандыгы айтылат.

“Мен жетектеген компания коомдук тамак-аш өнөр жайын куруу чөйрөсүндө жетиштүү тажрыйбага ээ. Сунушту жакшылап карап чыгамын”,- деген жообун айтты CJ Groupтун төрагасы Кен Шик Сон.

CJ Group Корея өлкөсүндөгү эң ири компаниялардын бири болуп саналат. Ал 1993-жылы Sumsung groupтан бөлүнүп, 2002-жылы CJ Group деп аталган. Анын өзүнө караштуу 20дан ашык кичи компаниялары бар. CJ Group негизинен логистикалык, тамак-аш жеткирүү, фармацевтика жана ресторандарды иштетүү тармагында иш алып барат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген