Кореялык эне үч жыл мурда каза болгон кызы менен жолугушту. Видео

Түштүк Кореянын жашоочусу үч жыл мурда айыккыс генетикалык оорудан каза болгон кызы менен виртуалдык дүйнөдөн жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү Hankyung сайты жазды.

Кызы менен “жолугушууга” келген Чан Чжиге компания кызматкерлери атайын шлем жана кол кап кийгизишип, муну менен эне кызын көрүп, үнүн угуп гана эмес, колу менен кармап көрүүгө дагы шарт түзүп беришти.

Жолугушуу “Сени менен кездешүү” документалдык программасы аркылуу көрсөтүлүп, анда кыз энесине “Апаа” деп чуркап келген. Кызын көргөн Чан Чжи ыйлап, кызын ар күнү, тынымсыз ойлогонун билдирген. Кездешүүнүн аягында жети жаштагы Найона апасынан ыйлабашын суранды.

Сеанстан кийин Чан Чжи кызын эскерип, ал ооруганда алгач дарыгерлер жөн гана суук тийген деп маани беришпегендигин, бирок бир айдын ичинде эле кызынын абалы оорлошуп, каза болуп калгандыгын айтты. Андан бери үч жыл өтсө да эне кызынын мүрзөсүнө күнүгө жаңы оюнчуктарды алып келип турган.

Viv Studio компаниясы жолугушууну уюштуруу үчүн өлкөнүн виртуалдык жашоо боюнча эң жакшы адистерин чогултуп, Найонанын видео жана сүрөттөрүн анализдеп чыгышкан. Натыйжада кыздын кыймыл- аракеттери, өзүн алып жүрүүсү изилденип, образы жаралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген