Кореядан келген Алина Ким 13 адамдын сегизи гана карантинге алынып, калганы үйлөрүнө кое берилгендигин айтты

Түштүк Кореядан Кыргызстанга учкан Алина Ким өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына коронавируска каршы аэропортто текшерүүдөн кантип өткөндүгү тууралуу жазды.

Алинанын айтуусунда, 13 адам Сеулдан Бишкекке Алмата шаары аркылуу учушкан. Алгач жүргүнчүлөрдү жакшы эле текшерип, бирок, учакка адамдар толо баштаганда Сеулдан келгендерди башкалар менен чогуу эле бир залга киргизип коюшкан.

“Эгер бизде вирус болсо эмне болмок? Каттоодон алар менен чогуу өттүк, 50 мүнөт бирге учтук, анан автобуста чогуу болдук, сөзсүз 100% жуктурмакпыз. Андан да кызыгы, качан гана Манас аэропортуна келгенде кайсы жактан келгенибизди сурап, Түштүк Кореядан экенибизди айтсак, анан карантинге деп каттоодон өткөрө башташты. А кээ бирлер куулук кылышып, Алматадан келдик деп алдап, үйлөрүнө кетишти”,- деп жазган Алина Ким.

Алина кошумчалагандай, Кореядан келген 13 адамдын сегизи гана карантинге алынган. А калганын эч ким токтотуп, териштирүүгө алган жок.

“Түштөн кийин карантинге алгандын эмне кереги бар эле, эгер мындан эч кандай пайда жок болсо?”, -деди Алина.

Штаб: Коронавирустан сактануу үчүн массалык иш-чараларды чектөө зарыл

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген