Корея, Япония, Москва жана Германиядан кыргыз жарандары мекенге алынып келди 

Кечээ, 14-майда Бишкек шаарына Япониядан, Кореядан, Германиядан  жана Москвадан Кыргыз Республикасынын 249 жараны кайтып келди.

Белгилүү болгондой, Корея менен Япониядан 43, Германиядан 59, ал эми Москвадан 147 кыргызстандык «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен келишти.

Бул маселе Президенттин тапшырмасынын негизинде эл аралык авиабилдирүүлөрдүн токтогондугунан байланыштуу чет мамлекеттерден кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында иштелип чыкты.

Учурда келгендердин бардыгы белгиленген тартипте өлкөнүн медициналык мекемелеринин бирине байкоо обсервацияга жайгаштырылды. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мүмкүн болушунча Кыргызстанга кайтарып алуу маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Эскерте кетсек, өлкөнүн Тышкы иштер министри 2020-жылдын май айында чет мамлекеттерден мекенге 1000 кыргызстандыкты алып келүү пландалып жатканын айткан. Алар Катардан(36), Кувейттен(105), Ирандан(16), Франкфурт-на-Майнеден(58), Стамбулдан(349), Кореядан(35), Япониядан (30) жана Белорусиядан(37) кыргыз жарандар алынып келет.

Дагы 107 мекендеш өлкөгө алынып келди

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.