Корея Кыргызстанды артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн катарына кошту

Ушул жылдын башынан бери Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстанды Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн катарына кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова менен жолугушууда аталган уюмдун президенти Хюк Санг Сон билдиргенин, тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, элчи Корея тараптын айылдарды жана аймактарды, айыл чарбасын, билим берүүнү, санариптештирүүнү, өрт коопсуздугун жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кемелова КРнын автоматташтырылган шайлоо тутумун, ирригациялык инфраструктураны өркүндөтүүгө жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүүнү суранды.

Тараптар адамдык ресурстардын жана инфраструктуранын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашышты, ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда саламаттыкты сактоо долбоорлорун, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана адистерди даярдоодо
илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.