Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы эмнелер айтылды? Тизме

Бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өттү. Анда өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими узартылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү экендигин белгиледи.

«Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат», — деди өлкө башчысы.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Ошону менен катар айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат:

– Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат.

– Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат.

– Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирип-чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат.

– Экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат.

– Өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартыла турган аймактар аталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.