Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди

Садыр Жапаров “КРнын коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда, конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул жарлык менен өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

  • Президент, коопсуздук кеңешинин төрагасы;
  • Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешине төмөнкүлөр мүчө болду:

  • Жогорку Кеңештин Төрагасы;
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
  • Президенттин Администрация башчысы;
  • мамлекеттик катчы;
  • башкы прокурор;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.