Коомубуз жакшылардан куру эмес!

Ар ким өз көмөчүнө күл тартып жашаган заман. Бирок ошого карабай алган билими менен бөлүшкөн, керек жерде кеңеш берген, акылын аябаган мекендештерибиз четтен чыгат. 

Жогоруда айтылган замандаштарыбыздын арасында алып баруучу Нурзат Токтосунова жана врач- косметолог Айнура Сагынбаева да бар. Нурзат Токтосунова кыргыз аялдары сабаттуу, билимдүү болсун десе, Айнура Сагынбаева “Сулуу эмес аял жок” дегенден тажабайт.

Аялзатына арналган бул макалада жогорудагы эки айымдын пайдалуу кеп- кеңештери сунушталат.

“Жок эле дегенде балдарыбыз берген суроолорго жооп бере алышыбыз үчүн окушубуз керек, билим алышыбыз керек” Нурзат Токтосунова.

“Жазгүл Жамангулова эжемдин бир сөзү бар:”Өзүн өнүктүрүү- бул үйдү жыйноодон башталат” деген. Бул аябай туура айтылган сөз. Жөнөкөй эле, күнүмдүк кылган үй ишин майын чыгара аткарып, идишти жалтырата таза жууп, эки жагыңды ирээттөө- аялдын өзүн өнүктүрүүсүнүн биринчи этабы. Андан тышкары өзүн өнүктүргөн жакшы аял коомго жакшы балдарды бере алат. Тескерисинче, балдарын уруп, ачуусунун баарын балдарынан чыгарган аялдардан ошондой эле маселелүү балдар тарбияланат. Андыктан, мен дайыма айымдарга инсандык өнүгүүгө кичине басым жасап койсоңуздар, өнүксөңүздөр, анткени өз жашообузду гүлдөтүү- биздин, өзүбүздүн гана колубузда деп айтып келем. Айымдар билиши керек болгон бир нерсе бар: бала 200% ата- энени туурайт. Ошондуктан, биз өз учурубузду карап, эмнени туура кылып атабыз, эмне менен алек болуп атабыз, ушунун баарына маани берип, кылдат мамиле кылышыбыз керек. Баланы тарбиялоо менен катар эле эне дагы өзүн өнүктүрүшү керек. Эмне үчүн? Жок эле дегенде баласынын берген суроолоруна жооп бере алышы үчүн дагы эне окушу керек. Эгерде эне баланын алдында, жолдошунун алдында кадыр- баркы жогору болсо, анда ал жашоодон ордун тапты десек болот. Көрдүңүзбү, өзүнүн үстүнөн иштеген айымдын кандай гана артыкчылыктары болот….

“Бул дүйнө өтөт, кетет. Биздин кылган жакшы иштерибиз гана жашап калат” Айнура Сагынбаева.

“Из калтыр бул дүйнөгө” деген ыр саптары мага аябай жагат. Алган билимим кыргыз айымдарынын сулуу, татынакай болушуна жардам берсе экен, элиме пайдам тийсе экен деген максат менен пайдалуу кеңештерди бергим келет. Ар бир аял өз жаш курагында сулуу, ар биринин өзүнүн ажары бар. Болгону ошол сулуулукту баса белгилегенди, сактаганды жана ошол бойдон узак убакытка  жүргөндү үйрөнүшүбүз керек. Ал үчүн айымдар маал- маалы менен косметологторго кайрылып, андан тышкары бир канча кеңештерди туура аткарып, картаюу процессин бир топ эле жайлатса эмнеге болбосун?!

  1. Жаш балдарга арналган бет майларды колдонуудан баш тартыңыз;
  2. Сөзсүз түрдө бетти жууп туруш керек. Керектүү каражаттар менен туура жуунуу аркылуу дагы карылыктын алдын ала аласыз;
  3. Ашыкча тамактануудан баш тартыңыз;
  4. Изилдөөдөн өтүп, тастыкталган дагы бир кеңеш- нервтенбеңиз. Өзүңүздүн маанайыңызды көтөрүп, ачууланбай, токтоо болгонго аракет жасаңыз;
  5. Сууну көп ичиңиз. Сууну ичпей коюу- теридеги гиалурон кычкылын азайтып, теринин бырышышын шарттайт;
  6. Ден- соолугуңузга кам көрүңүз. Жарым жылда бир жалпы анализдерди тапшырып, оорунун алдын алыңыз. Адамдын жашы өйдөлөгөн сайын органдар дагы өзгөчө кам көрүүгө муктаж боло берет;
  7. Өзүбүзгө байкалбаган дагы бир картайтуучу көрүнүш бар. Анча маани бербей эле жашыбызга туура келбеген кийимдерди кийип алабыз. Андыктан, туура кийингенди үйрөнүңүз;
  8. Мындан тышкары улуу айымдарга дагы айтат элем, беттин гана сулуулугуна эмес, аң- сезимдин өсүшүнө дагы кам көрсөк, китеп окусак. Адам өзүнүн үстүнөн иштеп турбаса, жаңы маалыматтарга ээ болуп турбаса, анда альцгеймер деген оору пайда болуп, адам алжып калат;
  9. Ошондой эле бетке коюлуучу косметикалык каражаттарды колдонуңуз. Ал каражаттар биздин бетибизди күн нурунан, сырттан тийген жаман таасирлерден коргойт;
  10. Косметологтун кызматынан баш тартпаңыз. Жаңы технологиялардын кызматтарын пайдаланыңыз;

Жаш бойдон калыңыздар, ардактуу айымдар!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген