“Коомдун өгөй балдары”. Ошто аутизм менен ооруган балдар кантип күн кечиришүүдө

Тынымсыз 24 саат бою күнү-түнү көзөмөл. Төрт дубал үйдөн сыртка чыкпаган жашоо. Бул аутизм менен ооруган балдардын ата-энесин кээде үмүтсүздүккө түртөт. Ал эми балдар үчүн коом менен болгон мамиленин, байланыштын жоктугу көнүмүш адат.

Бирок адистер баласынан аутизмдин белгилерин байкаган ата-энелер эртерээк аны менен иштөөгө аракет кылуусу керек экендигин белгилешет. Анткени канчалык эрте аракет кылса, балдардын  коомго аралашуусуна шарт түзүлөт.

Үч жаштагы Азиретке Орусиялык невропатологдор “аутизм менен коштолгон өрчүүнүн кечеңдеши” деген диагноз коюшкан. Мындай аныктоону кабыл алуу анын ата-энеси үчүн башында оор болду. Бирок уулунун ден-соогуну үчүн жаш эне кайраттанды.

Азиреттин апасы Гүлмайрам ошол күндөн тартып, баласынын дарылануусу үчүн болгон күчүн жумшай баштаган. Орусиядан кайтып келген үй-бүлө Жалал-Абаддан аутизм боюнча адис таба албай Ошко көчүп келген.

“Азирет үчүнчү перзентим. Эки улуу балдарым Жалал-Абадта ата-энебиздикинде окуп калышкан. Мен балам үчүн Ошко көчүп келип, азыр күндө адистерге алып келем. Аутист бала менен үйдө отуруунун кыйынчылыктары көп. Азирет сүйлөй албайт, оюн билдире албайт, кооптуу жүрүүнү түшүнбөйт, өзүнө залал келтирип алам деп ойлонбойт, ар дайым көз алдымда болуусу зарыл. Жолдошум Орусияда иштейт. Балам менен өзүм аракеттенүүдөмүн”, – дейт Гүлмайрам.

Оштогу “Smile.KG” бей өкмөт уюмундагы адистердин жардамында азыр Азирет сүйлөй албаса да түшүнүп калган.

“ Бул жакка алып келгениме 5, 6 ай болуп калды. Азыр балам түстөрдү айырмалай алат. Ар кандай фигураларды айтса алып көрсөтөт. Күндөн күнгө бир аз да болсо жылыш бар”,-дейт көзүнө жаш алган эне.

Ош шаарындагы “Smile.KG”” бей өкмөт уюму Гүлмайрам сыяктуу ата-энелерге көп жылдан бери колдоо көрсөтүп келет. Быйыл да аталган уюм жаңы долбоорун ишке ашырды. Анда Орусия, Тажикистан, Кыргызстан аутист балдарды жаңы окутуу, үйрөтүү ыкмалары менен адистердин арасында тажрыйба алмашуу семинарлары болуп өтөт. Окутууда жергиликтүү психолог, логопед адистери, студенттер тажрыйбалуу билимдүү адистерден керектүү маалыматтарды алып күнүмдүк жумуштарында колдонушат.

“Көпчүлүк ата-энелер аутизм жөнүндө кабары жок. Баланын өзгөчөлүгүн эрте байкап алдын алуусу зарыл. Кечендеп кетсе өздөрүн да, баланы да кыйнап коюшат. Ошондуктан тезинен маселени чечүүнүн жолун издеш керек. Эгер интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк болсо, ал жактан окуп, аутизм эмне экендигин билип алса болот. Тилекке каршы, атайын адистер жок болуп келет. Биздин борбордо да диагноз коюлбайт. “Smile.KG” коомдук фонду Ош шаарында Ленин көчөсү 306 дарегинде жайгашкан. Бизге келишсе, биз аларга кайда баруу керектиги тууралуу, бала менен кантип иштөө керектигин үйрөтөбүз. Эң негизгиси – бала менен үзгүлтүксүз иштеш керек.” -дейт “Smile.KG” коомдук фондунун директору Лариса Кузнецова.

Аутизм – адам баласынын психика жана нерв системасынын адаттан башкача өрчүшү жана башкалардан кечеңдеп калышы. Айрыкча баланын алака жөндөмү жоголуп жана жүрүм-туруму өзгөрөт. Башкача айтканда, ал коомдон четтеп калат.

Көпчүлүк учурларда аутизмди башка оору менен алмаштырып алышып, туура эмес дарылашат. Аутизм менен жабыркаган балдарда төмөнкүдөй белгилер байкалат.

  1. Эң негизги белгиси – бала коркок болуп, катуу үндөн же бейтааныш кишилерден корко берет. Мындай балдарды жадагалса үйдөгү буюмдардын орун алмашып калуусу да тынчсыздандырат.
  2. Алар сүйлөй алышпайт жана атынан атап чакырса да көңүл бурбайт. Себеби алар кайсы үн ага карата багытталгандыгын айырмалай алышпайт.
  3. Кадимки балдар ойногон оюндар аны кызыктырбай, башкача оюндар менен алек болушат. Өзү менен өзү ойноп, башкаларга кошулбай калат. Ошондой эле себеби жок күлө беришет.
  4. Колдорун жаңсап, бир кыймылды кайра-кайра кайталап турат. Бутунун учу менен басышат.
  5. Аутист балдар адамдын көзүнө тике карабайт. Эмоциясын, каалоолорун ачык билдире албагандыктан, кыйкырып ыйлашат.
  6. Телевизордон уккан же башка бирөө айткан сөздөрдү кайталай беришет.
  7. Буюмдарды айлантууну жакшы көрүп, өзү да бир орунда айланганды адатка айлантышат.
  8. Айрым аутисттер бийиктиктен же дагы башка кооптуу нерселерден коркпой калышат.
  9. Бизге нормалдуу эле угулган же таптакыр угулбаган үндөр аларга өтө катуу угулат. Ошондуктан, сааттын үнү же кадимки лампочканын үнү да алардын кыжырын келтирет. Үндөрдү укпаш үчүн колдору менен кулагын бекем жаап, тамдын бурчуна отуруп алышат. Ал үндөрдү жоготом деген ой менен катуу кыйкыра беришет.
  10. Өтө күчөп кеткенде агрессивдүү болуп, жанындагы адамды чапкылап же өзүнүн денесине жаракат келтире баштайт.

Мындай балдары бар ата-энелер аларды элге көрсөтүүдөн уялышат. Коомдук транспортто же көчөдө жүргөндө өтө көп көйгөйлөр чыгат. Себеби, бул балдарды кабыл алууга биздин коом да даяр эместей сезилет.

Ал кантип колун жууп жатат, кантип тамак жеп жаткандыгынан бери көзөмөлгө алыш керек. Канчалык эрте байкап, эрте киришсе жакшы болот. Бала өскөн сайын чыры күчөп, аны менен иштөө оорлойт. Көптөгөн ата-энелер балдарды үйгө камашат, бул туура эмес. Ансыз деле коомго аралаша албаган бала ого бетер коомдон алыстап калат.

Азыркы күндө Кыргызстанда 20 миңден ашуун аутист балдар бар. Аларды окутуу үчүн атайын бала-бакча, мектептер жок. Жада калса аутисттер менен иштеген тажрыйбалуу, адистер да сейрек. Дал ушул кемчиликтердин айынан ансыз да элге аралаша албаган аутисттер үйдө камалып калууда.

Азыркы күнгө чейин аутизмдин келип чыгуу себептери так аныктала элек. Жана аны айыктыруучу даары дармек да жок. Дүйнөдөгү окумуштуулардын көбү бул экологиянын бузулушунан улам болуп жатат деп жыйынтык чыгарып келишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген