Коомдук телеканал деген кандай болуш керек?

Кыргызстанда өлкөнүн биринчи каналын коомдук телеканал кылууга аракеттер көп болуп, керек болсо, атына да “коомдук” деген сөз кошулган. Бирок айрым талдоочулар аты затына туура келбей калган учурлар көп кездешкенин айтышат. Анткени мамлекеттен каржылангандыктан, “коомдук” деген статусту баары бир алып кете албайт дешет.

Коомдук телеканал түшүнүгүн чындап эле алып кете алган дүйнөдө мисалдар бар. Мисалга Чехияны алсак болот. Ал жакта ар бир жаран ЖМКлар үчүн ай сайын акча төлөшөт. Мамлекеттен каржыланбагандыктан, “коомдук” деген статуста иштеп келет. Бул жакта мындай дүйнөлүк мисалга жетиш үчүн чехтер кандай аракеттерди көрүштү жана кандай натыйжасын берип жатат?

Ушул жана башка суроолорго Эркин Европа/Азаттык радиосунун Прагадагы кыргыз бюросунун жетекчиси Венера Джуматаева биздин каналга жооп берип жатып айтып берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген