«Коммерсантъ»: Путин шайлоодо «Бирдиктүү Орусиянын» тизмесинин сап башында болбойт

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл күзгө белгиленген парламенттик шайлоодо «Бирдиктүү Орусия» партиясынын тизмесинин сап башында болбойт. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы президенттик администрацияга жакын булактарына шилтеме кылып билдирди.

Булактын айтымында, буга чейин президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко алдыдагы шайлоо үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү жарыялаган. Ага ылайык, шайлоочулардын 45% катышкан учурда партиялык тизме боюнча «Бирдиктүү Орусия» добуштардын 45% алышы керек. Эгер тизмесинин сап башында Владимир Путин болсо, партияга мындан кыйла көп добуш алууга туура келет.

«Коммерсанттын» дагы бир маектеши президенттин шайлоого катышуусу — Кремлдин 2018-жылы болгон президенттик шайлоодогу жана 2020-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдагы жетишкендиктерин жокко чыгарып коюшу мүмкүн экенин билдирди.

«Бул эки учурда тең Кремль президентти шайлоочулардын жарымынан көбү колдогондой кылууга аракет көргөн. Бирок «Бирдиктүү Орусия» менен андай жыйынтыктарга жетүү оор болот. Эгер Путин партия тизмесинин сап башында болсо, анда партиянын жыйынтыгы анын жеке жыйынтыгы катары кабыл алынат», — деди ал.

Орусиядагы коомдук маанайды изилдөөчү ВЦИОМ борборунун акыркы маалыматтарына ылайык, «Бирдиктүү Орусия» партиясына сурамжылоого катышкандардын 29% добушун берүүгө даяр. «Левада борбордун» сурамжылоосу боюнча жарандардын 27% «Бирдиктүү Орусияга» добуш берет.

Февралда бир нече басылма Путин парламенттик шайлоодо «Бирдиктүү Орусиянын» тизмесинин сап башында болууга макулдугун бергенин кабарлашкан. Бирок Кремль бул маалыматты четке каккан.

Орусияда Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо быйыл 19-сентябрга белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.