Коменданттык сааттын так убактысы айтылды

Эртең, 25-марттан тарта саат 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакытта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында уюшулган Республикалык штабдан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», «КР Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», «КР Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» жарлыктарга кол койгон.

Жарлыкка ылайык, аталган үч шаарда жана райондо 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын милдеттери жана коюлган чектөөлөр айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген