“Колум жеткен жердин баарына кайрылдым, бирок…” Ош шаарынын жашоочусу соттун чечими аткарылбай жаткандыгын айтат

2013-жылы Эркинай Азимжанованын кызы И.А оорудан улам көз жумуп, артында үч айлык ымыркайы калган. Жалгыз кызынан калган небереси А.Р менен Эркинай Азимжанова 2018-жылга чейин жакшы катташып турган. Бирок кыз 6 жашка чыккандан кийин атасы А.И кызына таэнеси менен көрүшүүгө тыюу сала баштаган. Мындан улам Азимжанова Ош шаардык сотуна кайрылып, небереси менен жолугушууга болгон тоскоолдукту алып салуу тууралуу арыз жазган.

Доогердин арызын караган Ош шаардык соту аны небереси А.Р менен жумасына бир жолу жолугуп турсун деген чечим чыгарып берген. Аталган чечим 2018-жылдын 6-июлунда чыккан:

“Сот отурумунда аныкталгандай, Азимжанова Эркинай Абдирахмановна 2013-жылдын 21-августунда туулган А.Р аттуу кыздын таэнеси. А.Р атасы менен жашайт, аны чоң энеси багып чоңойткон.

Соттук отурумда тараптар бири-биринин сунуш-пикирлерин угуп, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын пикирин угуп, кыз таэнеси менен жолугушуусунун төмөнкү тартибине макул болушту: ар айдын биринчи жана үчүнчү жумасынын жекшемби күндөрү саат 10:00дон 18:00го чейин, ар айдын экинчи жана төртүнчү ишемби күндөрү күндүзгү саат 12:00дон жекшемби күндүн 12:00гө чейин”,-деп шаардык сот чечим чыгарган.

Чечим 2018-жылдын 7-августунан тарта күчүнө кирген. Бирок 2019-жылдан бери Азимжанова Эркинай небереси менен жолугуша албай келет.

 “Учурда неберем 7 жашта. Апасы каза болгондо 3 айлык ымыркай эле. Жалгыз кызымдан калган данегимди аябай жакшы көрөм, анда кызымын жыты калган, жыттап, кучактап олтуруп кызымы эстеп ыйлап-ыйлап алам, кызыма болгон сагынычымды таратам. Жаратканга ыраазы болом, артында неберем калганы үчүн. Бирок акыркы бир жылдан бери кудаларым жана күйөө балам аны мени менен жолуктурбай жатат. Телефондон сүрөтүн карап, үнүн угуп гана өзүмдү алаксытып жашап келем.

Социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери жана сот аткаруучу менен биргеликте бардык, анда макул болуп, менин үйүмө жиберип турушаарын айтышкан. Бирок алып кеткени барганымда беришкен жок”,-дейт Азимжанова.

Соттун чечимин аткарып берүүсүн суранып Азимжанова сот аткаруучуга кайрадан кайрылып, бирок оңдураарлык жооп ала алган эмес. Тескерисинче сот аткаруучу тарабынан адилетсиз мамилеге туш болгон.

“Кайрадан Социалдык өнүгүү башкармалыгына, шаардык сотко бардым. Бирок сот аткаруучу мага орой сүйлөп, оңдуу жооп берген жок. Кайра мага кыйкырды. Мен жыргаганыман барып аткан жокмун го акыры.

Анан шаардык прокуратурага да кат жаздым, “ооба, карайбыз” деген, бирок жыйынтык жок”,-деп билдирди доогер Азимжанова.

Адвокат Мухаё Абдураупова мындай учурда доогер соттун чечимин аткарбай жаткандыгы үчүн сот аткаруучунун үстүнөн арыз жазса болоорун билдирди.

“Сот чечим чыгарып бергенден кийин сот аткаруучуга арыз ээси чечимдин аткарылышын көзөмөлдөп берүүсүн сурап суроо-талап жөнөтүшү керек. Эгер ал өз милдетин аткарбаса, анда шаардык сотко же прокуратурага милдетин аткарбай жаткандыгын айтып арыз жазса болот”,-дейт Абдураупова.

Мухаё Абдураупова бул сыяктуу иштерде балдар көп жабыр тартып, укуктары бузулаарын кошумчалады.

“Үй-бүлөлүк маселелер аябай оор тема. Эми эле иш менен таанышып, билек түрө киришкенде туугандар өз ара тил табышып алып, ишти токтотууну суранышат. “Сиз деле энесиз, аялсыз, туура түшүнүңүз” деп келишет. Доогер менен жоопкер жарашып алганда баланын укугу корголбой калат. Башкача айтканда чоңдордун кызыкчылыгынын айынан балдар жабыр тартат”,-дейт Мухаё.

Мухаё Абдураупованын сот аткаруучунун милдеттери тууралуу айткандарын эске алып, доогер Эркинай Азимжанова Ош шаардык сотунун сот аткаруучусунун атына суроо-талап жөнөтүүнү туура көрдү.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар жарандардан барган суроо-талапка 14 иш күндүн ичинде жооп берүүгө тийиш.

Азимжанованын суроо-талабына сот аткаруучу кандай жооп берет, бул тууралуу 14 күндөн кийин дагы кабарлайбыз…

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.