Колуктусун гана эмес, дүйнө элин таң калтырган баш кошуу сунуштары

Үйлөнүү сунушу жаш жубайлардын жашоосундагы эң таасирдүү жана маанилүү учурлардын бири. Ошентип … шакек сатылып алынат, сунуш кылынуучу жер тандалат, күн пландаштырылат. Анан, албетте ага туура даярдануу керек. Өзгөчө үйлөнүү сунуш киргизип, сүйүктүүсүн гана эмес, көпчүлуктү таң калтырган адамдар тууралуу макаладан окуңуз.

Дисней жомогундагыдай үйлөнүү сунушу

Нью-Йорктун тургуну сүйүктүүсүнө белгилүү Дисней жомогунун аягын жаңылап, оригиналдуу жол менен үйлөнүү сунушун киргизген. Чет элдик маалымат булактарына ылайык, профессионалдык режиссер Ли Лочлер алты ай бою «Уйкудагы сулуу» мультфильмин анимациялаган. Анда ал өзүн жана сүйүүктүүсүн башкы каармандар – ханыша Аврора  жана ханзаада Филипке айланткан.

Ли досторун, туугандарын жана сүйүктүүсүн кинотеатрга чакырган. Сценарий боюнча мультфильмдин башкы каармандары Лиге жана сүйлөшкөн кызына айланып, сахнадагы Ли алдыңкы катарда отурган чыныгы “Лиге” шакекти ыргытат. Сахнанын артынан ыргытылган шакекти алып, Ли үйлөнүү сунушун киргизет. Мындай сунушту күтпөгөн кыз макулдугун берип, залдагылар кол чаап коштоп турушкан.

Сүйүүнү “ламборджиниге”алмашууга болбойт

Кытайда жигит эл астында кызга үйлөнүү сунуш киргизүүнү ойлоп, белек-бечкектерин даярдап, “ламборджини” үлгүсүндөгү унааны даярдайт. Көп өтпөй кыз келип, жигит тизелей калып, сунуш киргизет. Бир саамга ойлонгон кыз “жок” деп жооп берет. Жигит: “менин акчам көп. Ламборджини сенин эң жакшы көргөн унааң. Мындай автоунаанын бир нечесин сен үчүн сатып берем”- дегенине көнбөй кыз сунуштан баш тартып кетип калганын социалдык тармактарда тараган видеодон көрүүгө болот.

Карантин шартында “Эйфель мунарасынын” жанындагы баш кошуу сунушу

Дүйнөгө тараган коронавирустан улам киргизилген карантин америкалык кыз-жигит Люк менен Эриканын пландарын бузат. Сүйүшкөндөр романтикалуу дем алыш күндөрүн Парижде өткөрүүнү пландап жатышкан. Бирок, ден соолугунун коопсуздугу үчүн сатып алынган учак билеттерин кайтарып, пландардан баш тартышат. Люк ушуну менен токтоп калбай, пандемия шартында болсо да үйлөнүү сунушун киргизүүнү чечет. Жигит кызды сейилдөөгө чакырып, дубалга бор менен Эйфель мунарасынын сүрөтү тартылган, роза гүлүнүн желекчелери менен кооздолгон жерге алып келип, тизелей Эрикага үйлөнүү сунушун киргизет. Мындай күтүүсүз сунушту күтпөгөн америкалык айым “макул” деп жооп берген.

“Стандарттуу” эмес үйлөнүү сунушу

Дагы бир америкалык жигит үйлөнүү сунушун киргизүүнү чечет. Каарманыбыз сүйүктүүсүнүн нервин кытыгылагысы келгенби, айтор романтика, назиктиктен, жылуу сезимдерден алыс, колуктусу өмүр бою эстеп кала турчу сунуш киргизген. Азык-түлүк дүкөнүнө “кокустан” кирип калган болочок аялы жана курбусу негизги курмандык болгон, жасалма куралдуу тоноону уюштурат. Түгөйлөр соода кылып жатканда, “кылмышкерлер” кирип тапанча такашат. Тапанча кармаган адам күтүүсүздөн чөнтөгүнөн шакекти алып чыгып досуна берет, жигит тизелей калып коркуудан жашоосу менен кош айтышканга даяр болуп калган кызга үйлөнүү сунушун киргизет. Көпчүлүк айымдар баш тартышы мүмкүн бул тамашалуу сунушка кыз макулдугун берген.

Гендердик шаблонду бузган кытайлык кыз

Кытайдын 24 жаштагы тургуну жигитине үйлөнүү сунушун киргизүү менен бардык стереотиптерди жок кылды. Цяоцзин жигити Сяокеге бул сунушту киргизүү үчүн план ойлоп чыгып, кынтыксыз даярданган. Ал бул сунушу тууралуу ата-энесине айткандыгын жана алар колдоп, жигитке бериле турган белек үчүн акча бергендигин айтат. Кыз жигитке үйлөнүү тууралуу сунушун айтып, кийин жаңы ВМW үлгүсүндөгү унаанын ачкычын жана жаңы батирдин документтерин берген. Жигит макул болгон.

Кыз журналисттерге берген интервьюсунда: Мен үнүн материалдык баалулуктардан да сүйүү биринчи орунда. Негизи ал мага кам көрөт. Мунусунда мен ал үчүн бир нерсе жасагым келди. Үй-бүлөнү эркек багышы керек деген ойдон алысмын. Мен жөн гана никеде ишенимдүү жана камкор болушун каалайм дейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген