Кочкоров: жаштар ынтымакты бекемдөөгө кызыктар боло башташты

Акыркы кездери жаштар улуттар аралык достукту бекемдөөгө кызыктар боло башташты. Алар ынтымакты даңазалаган иш чараларда активдүүлүгүн көргөзүшүп, калк биримдигине байланыштуу долбоорлор менен иштөөдө активдүүлүгүн көргөзүп жатышыт. Мындай пикирин калаадагы № 2 “Достук” аймактык кеңеш төрагасы Ташмамат Кочкоров “Форум” уктуруусунда билдирди.

“Мындан 2-3 жыл мурун улуттар достугуна арналган иш чараларды жаштардын катышуусу начар болчу. Ошондой эле алар өтө деле кызыгышчу эмес. Акыркы кездери кубандырганы жаштардын активдүүлүгү болуп жатат. Иш чарага катышып гана тим болбостон, долбоорлор менен да иштешүүгө кызыктар”,-деди Кочкоров.

Ал белгилегендей, коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө аймактык кенештердин да салымы чоң. Мында тынымсыз улуттар ортосунда кечелер өткөрүлүп, түрдүү фестивалдар уюштурулуп келет. Ар улут өздөрүнүн каада салттарын көргөзүшүп, ыр бийлерин аткарышат. Мындай кечелердин бат-баттан өткөрүлүп турушу да улуттардын бири-бирине болгон мамилесин жакшыртып, достукту бекемдөөгө салым кошот.

Кыргызстанда 80ден ашуун улут өкүлдөрү бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген